• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт тилкесинде психиологиялык машыгуу өттү

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарындагы №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн базасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусундагы өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн машыгуу өткөрүлдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, машыгуунун максаты өрт өчүрүүчү-куткаруучуларды ар кандай татаалдыктагы өрткө, ошондой эле экстремалдык кырдаалдарга даярдоо болуп саналат, бул өз кезегинде өрт өчүрүүчүнүн даярдык деңгээлин аныктоого жардам берет.

«Өрт өчүрүүчү өрттү өчүрүүдө өзүн жана кесиптештерин тобокелге салбастан, коркунучка баа берип, эң коопсуз жолду тандап алышы керек. Өрт учурунда өрт өчүрүүчүлөр жайдын схемасын билишпейт жана өрт тез тарап, күтүлбөгөн жерден багытын өзгөртөт», - дейт ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов.

Бебгилей кетсек, Бишкекте жылына 500дөн ашык өрт катталат. Алардын ондогондору өчүрүүнүн татаалдыгы менен болот.

Мындай машыгуулар, тактап айтканда, Бишкектеги өрттү тоскоолдуктар менен өтүү тилкеси боюнча машыгуу жылына эки жолу өткөрүлөт. Белгилей кетсек жетекчилик бул машыгууларда өрт өчүрүүчүлөрдүн даярдыгын “эң жакшы” деп баалады.

Өрт тилкесиндеги психологиялык машыгуу - бул өрт учурундагы реалдуу шарттарга мүмкүн болушунча жакын болгон объектилердин жана тоскоолдуктардын комплекси.

Мындай машыгуулар өрт өчүрүүчүлөрдүн тобокелдиктерге жана коркунучтарга эмоционалдык туруктуулугун, ошондой эле өзүн-өзү кармай билүү, чечкиндүүлүк, кайраттуулук, чыдамкайлык жана өрт менен күрөшүүдө зарыл болгон башка сапаттарды калыптандыруу үчүн зарыл.

Пикир

Оставить комментарий