• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КМШ өлкө башчыларынын жолугушуусу. Бишкекте 4 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 09.12.23. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкө башчыларынын жолугушуусу учурунда Бишкек жана Чүйдө 4 миңден ашык күч кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынынжа Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Максатбек Клычев билдириди.

Анын айтымында, 12-13-октябрда Бишкек шаарында Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын жана КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү учурунда талаптагыдай тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында ыкчам штаб түзүлдү.

"Даярдык иштеринин алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда профилактикалык иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Маршрут боюнча полиция кызматкерлери сыйлуу коноктордун бардык маршруту боюнча жайгаштырылат", - деди Клычев.

Ал милиция кызматкерлери кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтөөрүн кошумчалады. Жалпы 4 миңден ашуун кызматкер жана 250 унаа тартылат.

Эскерте кетсек, аталган иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте мектептер онлайн окууга өтүп, ал эми бала бакчалар иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий