• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда Аксы районунда өтөт.

Тургуналиев Топчубек Тургуналиевич 1941-жылы 5-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Тегирмен-Сай айлында туулган.

Пикир

Оставить комментарий