• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коопсуздук кеңеши: Укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлерине накталай түрдө 100 миң сомго чейин мүлк сатып алууга тыюу салынат

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР өкмөтү тарабынан укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин мүлкүн милдеттүү түрдө декларациядан өткөрүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды даярдоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
Ал билдиргендей, андан тышкары, жогоруда аталган ведомствонун кызматкерлеринин айлык маянасы накталай эмес төлөө эсебине өтөт.
“Биз ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө накталай түрдө 100 миң сомго чейин мүлк сатып алууга тыюу салына турган мыйзамды карап жатабыз. Же болбосо алар өзүнө керектүү буюмду 20 миң сомдон жогоруга сатып алса, анда алар атайын күбөлүктү толтуруп, аны Мамлекеттик кадр кызматына өткөрүп бериши керек. Алар өз кезегинде аны жеке документке тиркешет”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий