• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Коргоо министри Сауд Аравиясынын Башкы штабынын башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Сауд Аравиясынын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли менен жолугушту. Бул тууралуу Коргоо министрилигинин басмам сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө коргоо ведомстволордун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланып, бул иш сапар эки өлкөнүн аскердик кызматташуусунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгилеп кетишти.

Иш сапардын алкагында Сауд Аравиясынын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли - Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов, өлкөнүн министрликтер жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуп, Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна жана Бишкек гарнизонунун аскердик госпиталына барат.

Эскерте кетсек, аскер делегациясы Кыргызстанга кыргыз тараптын чакыруусу боюнча келди. Сауд Аравиясынын аскердик жетекчилигинин биздин өлкөбүздөгү иш сапары кыргыз-сауд мамилелердин тарыхындагы биринчи ирет өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий