• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Коргоо министрлиги Алайда конууга аргасыз болгон МИ-8 МТ тик учагы жөнүндө маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Коргоо министрлиги Алайда конууга аргасыз болгон Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы жөнүндө маалымат берди.

"Бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болду. Учакта 10го жакын адам болгон, алдын ала маалыматтарга караганда, үч адам жеңил жаракат алган. Аларга зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий