• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коргоо министрлигинин №52806 элиталык аскер бөлүгүнүн кызматкерлери жашыл берет сынагынан өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта, Коргоо министрлигинин №52806 атайын багыттагы элиталык аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнүнө карата, аталган бөлүктүн аскер кызматкерлери жашыл беретти алуу укугуна сыноолордон өтүштү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бул күнү 10дон ашык талапкерге физикалык жана психологиялык туруктуулук менен бекемдикти текшерүү жүргүзүлдү. Ал эми коюлган сыноодон өтүү үчүн атайын багыттагы бөлүктө бир жылдан кем эмес үлгүлүү кызмат, кылдат медициналык жана психологиялык тандоо, спецназдардын программасы боюнча окуу предметтерин камтыган теориялык экзаменден өттү талап кылынган.

Тесттин практикалык бөлүгүнө байланыш, тактикалык, ок атуу жана инженердик даярдык, радиациялык-химиялык жана биологиялык коргоо боюнча ченемдерди аткаруу менен 10 чакырымга марш-бросоктун татаал түрү аткарылып, тоо тилкесин, тоскоолдук тилкелерин жеңүү менен бирге бир катар кошумча сыноолор кирди.

Сынактын оор тепкичинин бири – эр-азаматтардын күч-кубат, мушкердик сапатын текшерүү максатында тажрыйбалуу спецназдар менен спарринг өткөрүү.

Бардык сынактан ийгиликтүү өткөн аскер кызматкерлери өзүлөрүнүн көптөн күткөн жашыл беретин 30-март №52806 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнүндө алышат.

Пикир

Оставить комментарий