• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус менен катталган жалпы учурдун 28%ы сырттан жугузуп алгандар - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Коронавирус менен катталган жалпы учурдун 28%ы сырттан жугузуп алган жарандар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

“COVID-19 вирусу менен катталган жалпы учурдун 72%ы медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Айыгып ооруканадан чыгарылгандар – 75,2% жана каза болгондор – 1,2%ды түздү. Азыркы күндө дарыланып жаткандар – 23,7%ды түзөт. Бардык иш чөйрөлөрү жанданып жаткандыгына байланыштуу кырдаал курч бойдон калууда. Андыктан белгиленген санитардык талаптарды сактоо өтө маанилүү”, - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2129 учур катталды. Алардын ичинен 419у медицина кызматкери. Илдеттен 1630 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий