• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл 5 айда Кыргызстандын ИДПсы 186,3 млрд сомду түздү − Статистика комитети

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-май айында ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылга (январь-май) салыштырмалуу 4,8 пайызга төмөндөп, 186,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын январь-майынын деңгээлинен 6,4 пайызга төмөндөп, 160,7 млрд сом болгон.

“ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарына байланыштуу болду. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпинин төмөндөөсү өткөн жылдын январь-май айына салыштырмалуу 98,8 пайызды (2019-жылдын январь-май айында – 111,9%), ал эми кызмат көрсөтүү тармагыныкы 92,7 пайызды (2019-жылдын январь-майында – 101,2%) түздү”, - деп айтылат маалыматта.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (49%) туура келген. Ал өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга төмөндөгөн. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 4 пайыздык пунктка көбөйүп, 39,2 пайызды түзгөн. Өнөр жай тармагынын үлүшү 25 пайызды түзгөн − өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайыздык пунктка жогору. Айыл чарба тармагынын үлүшү 8,3 пайызды түзүп, 0,5 пайыздык пунктка өскөн. Ошол эле учурда, курулуштун үлүшү 0,4 пайыздык пунктка азайып, 5,9 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий