• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус: Сауд Арабиянын өкмөтү кичи ажылыкка зыярат кылууну убактылуу токтотту

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Сауд Арабиянын өкмөтү коронавирустан улам кичи ажылыкка зыярат кылууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиянын өкмөтү коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында чет элдик жарандардын умрага (кичи ажылыкка) жана Медина шаарындагы мечитке зыярат кылууну убактылуу токтотту.

“Коронавирус тараган өлкөлөрдүн жарандарына да Сауд Арабияга кирүүгө убактылуу тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий