• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 116 млн 808 миң 450 сом түштү - Амандыков

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Cаламаттык сактоо министрлигинин алдында коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсепке түшкөн акчанын суммасы 116 млн 808 миң 450 сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында финансы министринин орун басары, Мамлекеттик казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча эсепке жалпысынан 116 млн 808 миң 450 сом түштү. “Анын ичинен комиссиянын чечими менен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча каражат төлөөгө бөлүнгөн. Ал эми 1 млн 900 миң кассалык чыгымдарга кеткен”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары кошумчалагандай, жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган экинчи депозиттик эсепке бүгүнкү күнгө карата 7 млн 839 миң сом түштү. “Комиссиянын чечими менен 4 млн 379 миң 196 сом Бишкек мэриясына жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн”,- деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий