• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирустан айыккандардын арасынан кайталап ооругандар катталган жок - Ботокараев

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жалал-Абал облусунда ушул убакка чейин коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылгандардын арасынан кайталап ооругандар катталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.

Анын айтымында, оорунун кайталанышы боюнча кооптонуу жок деп айтууга болбойт. “Анткени, эл себепсиз көчөгө чыгып, жолугушуп, аш-тойлорду өткөрө турган болсо, албетте кооптонуу болот. Ошондуктан эгер зарыл жумушу жок болсо, бардыгынан эшикке чыкпай үйдө отурууну суранат элем”, - деди Ботокараев.

Ал кошумчалагандай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан коронавирустан айыгып чыккандарда толук 100 пайыз иммунитет пайда болот деген билдирүүлөр азырынча боло элек. "Бирок, оорудан айыгып чыккан адамдардан кооптонуунун кажети жок, анткени, бейтаптарды ооруканадан чыгаруу алдында алардан эки ирет анализ алынат жана ошол анализ терс чыккандан соң гана ооруканадан чыгарылат", - деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий