• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«КР 2017-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды эске алуу менен, кирешелер боюнча 134 712 612,5 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 152 090 424,9 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 17 377 812,4 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий