• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди

Саясат 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кечээ, 8-февралда КР Тышкы иштер министрлигинде Алтынчы саясий департаменттин директору Эрмек Өмүралиевдин Европа Биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы – элчи Эдуард Ауэр менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ЕБ өкүлдөрү 2021-жылга карата жана кийинки кыска мөөнөттүү перспективаларга Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана өз ара аракеттенүү маселелерин, тактап айтканда Европа Биримдигинин мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, адамзатты өнүктүрүү жана жашыл экономика жаатындагы долбоордук ишмердигин жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап элчи Э.Ауэрдин көңүлүн кызматташуунун төмөнкү актуалдуу аспектилерине бурду:

  • Европа Биримдиги тарабынан Кыргыз Республикасына берилген ВСП+ (Жалпы преференциялар системасы) макамын, анын ичинде ВСП+ мөөнөтүн узартуу шарттарын, Кыргызстандын фитосанитардык лабораторияларын сертификациялоо маселелерин камтуу менен эффективдүү пайдалануу маселесине;
  • Бишкек шаарында 2021-жылдын маанилүү иш-чараларынын бири катары каралып жаткан «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумун өткөрүүгө («ЕБ – БА» биринчи экономикалык форуму 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин премьер-министрлеринин, Европа институттарынын жетекчилеринин, ошондой эле БА менен ЕБ мамлекеттеринин бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүсү күтүлүүдө);
  • Европа Биримдигинин Кыргызстандагы долбоордук-программалык ишмердигинин, анын ичинде ЕБдин көп жылдык индикативдик программасын (2021-2027 КИП) жана регионалдык индикативдик программасын (РИП) камтуу менен артыкчылыктуу багыттарына.

Өз кезегинде элчи Эдуард Ауэр кыргыз тарапка төмөнкү маселелер боюнча маалымат берди:

  • ишке ашыруу стадиясындагы долбоорлор жана 2021-жылы КРнын аймагында пландалып жаткан долбоорлор;
  • үстүбүздөгү жылдын 9-февралында уюштурулуп жаткан Европа Биримдигинин 2021-2027-жылдарга карата КР үчүн Көп жылдык индикативдик программасынын артыкчылыктарынын презентациясы.

Жолугушуунун аягында ЕБдин КРдагы долбоордук-программалык ишмердигинин алкагында 2021-жылга карата кызматташуунун негизги багыттары аныкталып, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын бүт спектрин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий