• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕРӨБ Кыргызстандын бир катар аймактарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлөт

Президент 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кредиттик макулдашуу менен жумушчу станцияларды, оргтехниканы, адистештирилген транспорт каражаттарын, жумушчу жана лабораториялык жабдууларды, эсептегичтерди калибрлөө жана тестирлөө, административдик имаратты куруу, жогоруда аталган шаарларда суу менен жабдуу системаларын калыбына келтирүү жана кеңейтүү үчүн жабдууларды сатып алууга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасына 8 млн евро өлчөмүндө кредит берүү каралган.

Ошону менен бирге Гранттык макулдашуу менен жогоруда белгиленген шаарларда ичүүчү суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо жана модернизациялоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин Атайын Фондунун 8 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарын жана 2,6 млн евро өлчөмүндө техникалык кызматташуунун гранттык каражаттарын берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий