• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР менен РФнын Эриш-аркак жылынын ачылышы Кремлде өтөт. Жээнбеков Москвага барат

Президент 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.

Данияр Сыдыков Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилгендигин эске салды.

Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Пикир

Оставить комментарий