• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР менен Өзбекстандын ИИМи кызматташтыкты өнүктүрөт

Саясат 0

Ташкент, 05.03.18 /Толонбай Курбанов – Кабар/. 2-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМ ортосундагы биринчи ведомтсво аралык координациялык кеңештин жумушчу тобу ортосундагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын ИИМнин сайтында маалымдалат.

Тараптар кылмыштуулук менен күрөш, терроризм, экстремизм менен болгон күрөштө маалымат алмашуу, мыйзамсыз миграция, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында министрлер ортосунда 2018-2019-жылга карата кызматташуу боюнча атайын протоколго кол коюлду.

Кыргызстан ИИМ делегаттары сапардын алкагында Ташкенттин ИИМ Башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү “Коопсуз шаар” долбоорунун киргизилиши менен таанышып чыгышты.

Эки өлкөнүн делегациясын КР Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров жана Өзбекстандын ИИМнин биринчи орун басары Даврон Назармухамедов жетектешти.

Пикир

Оставить комментарий