• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР президенти Тажикстандын кол салуусу боюнча: Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз

Президент 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. "Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып.

"Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз", - деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстанда тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий