• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жыйын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарынын алкагында болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер ШКУнун ишмердүүлүгүн заманбап шарттарда өркүндөтүү, анын ичинде ШКУ менен БУУ жана башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча пикир алышты.

Муну менен бирге министрлер ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жолдору тууралуу талкуулашты.

Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев катышуучуларга ШКУнун алкагындагы Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

КР ТИМ башчысы ошондой эле 2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлери) кеңешинин кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий