• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР тышкы иштер министринин орун басары Ирандын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кечээ, 22-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгына байланыштуу суроолордун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакын арада эки борбордун ортосунда түз авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты.

Эки тараптуу мамилелер системасындагы биргелешкен кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн белгилеп, тараптар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга түрткү берүүчү атайын Биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.

Ирандын элчиси тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий