• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРнын Өкмөтү визанын жаңы категорияларын бекитти

Саясат 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан КРнын визасын түзүү жана берүүнүн тартиби тууралуу жаңы инструкция бекитилди, ал 2017-жылы 5-апрелде күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР визасын түзүү жана берүүнүн азыркы тартибинин айрым кемчиликтерин түзөө жана чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусуна шарттарды түзүү максатында инструкцияга визанын “үй-бүлөлүү” деген жаңы категориясы киргизилди, ал эмгек, окуу жана жеке жак катары Кыргызстандын аймагына кирген чет элдик жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.

Ошондой эле, КРнын аймагында бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүүгө жакшы шарттарды түзүү, КРнын соода-экономикалык жайлуулугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү максатында визанын “транспорттук” деп аталган жаңы категориясы киргизилет, ал эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган чет элдик жарандарга берилет.

Визанын көрсөтүлгөн категориялары 30 күнгө чейин болуу укугу менен 6 айлык мөөнөткө берилет.

Пикир

Оставить комментарий