• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кудайберген Базарбаев Чоң-Алайда жашаган памирлик кыргыздар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Чон-Алай районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө памирлик кыргыздар менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр Памирден көчүп келгендердин жашоо шарты менен таанышты.

Ошондой эле Базарбаев памирлик кыргыздары үчүн шаарчаны кура турган жер тилкесин карап чыкты.

"Президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча келерки жылдын жазынан баштап курула турган шаарчаны курууга бюджеттен дээрлик 300 млн сом бөлүнгөн. Айылга 70 гектар жер бөлүнгөн", - деди ал.

Кудайберген Базарбаев маалымдагандай, жакынкы 2-3 жылда Чоң-Алай районуна 400 үй-бүлөнү же болжол менен 1,5 миң памирлик кыргыздарын көчүрүү пландалууда..

Пикир

Оставить комментарий