• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Мектептин курулушунда баалар жогорулатылган - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум кайрадан башталды.

Отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын өкүлү сурак берүүдө. Учурда "Калыс-Ордо" мектебинин курулушуна байланыштуу маселе талкууланып жатат.

"Курулуш учурунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам сакталган эмес жана баалар жогорулатылган. Баардык бузуулар ыйгарым укуктуу органдардын корутундусунда көрсөтүлгөн. Анткени, ыйгарым укуктуу орган толугу менен расмий корутунду берген, биз толук аларга таянабыз", - деп билдирди мэриянын өкүлү.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий