• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кулубаев Синдзо Абэнин элесине арналган көңүл айтуу китебине билдирүү калтырды

Саясат 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып, мурунку премьер-министр Синдзо Абэнин жаркын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, эскерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Анын көрүнүктүү саясатчы, дипломат, ачык, ишенимдүү жана боорукер өнөктөш катары жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жашайт. Бул Кыргызстан жана Япония үчүн оор жана орду толгус жоготуу. Синдзо Абэ биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн чоң салым кошту. Абэнин үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулук каалайм», - деди Жээнбек Кулубаев.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда Жээнбек Кулубаевге элчиликке келип көңүл айткандыгы үчүн жана келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий