• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу мурдагы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында туулган.

1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунан (ГИТИС) билим алган.

Студенттик мезгилден тартып Сатыбалды Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойногон.

Сатыбалды Далбаев Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институттан 5 жыл билим алып, профессор Михаил Петрович Чистьяков сыяктуу советтик театр чөйрөсүндөгү мыкты окутуучулардан таалим-тарбия алган.

Маркумду акыркы сапарга узаттуу эртең, 30 –апрель күнү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык тетртында саат 10:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий