• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Тажик аңчылары сейрек кездешүүчү таргыл гиенаны тартып алышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Тажик иликтөөчүлөрү Яван районунда жоголуп бараткан сүт эмүүчү жырткыч жаныбарлардын катарына кирген таргыл гиенанын видеосун тартып алышты.

Тажикстан Жаратылышты коргоо жана аңчылар коалициясынын кызматкерлери таргыл гиенанын изине беш жыл мурун түшүшкөн. Ага чейин Хатлон облусунун чабандары сейрек кездешүүчү бул жаныбардын өлтүрүлгөн бөлтүрүктөрүнүн видеосун көрсөтүшкөн.

Окумуштуулар таргыл көкжалды 30 жылдан бери кезиктире элек болчу. Зоолог Халил Каримовдун айтымында, алар гиена жүрөт деген жерлерге видеокөзөмөл камераларын орнотушкан. Аларды тасмага түшүрүүгө мүмкүн болгон.

Биолог Исмоил Холматовдун айтымында, гиена тарп жегени менен, экосистеманын маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелет.

«Гиена – активдүү жырткыч эмес, ал тарп менен тамактанат, бул экосистемага жана кишиге пайдалуу. Гиенанын каардуу жаныбар дегендер жаңылышат», – деди ал.

Зоологдор Хатлон облусунда 40тай таргыл көкжал бар деп божомолдошууда. Халил Каримов гиена кишилерге жана ири мүйүздүү малга кол салбай турганын, бирок айрым учурда жаш козу жана улактарды жеп коюшу мүмкүн экенин белгилейт.

«Биз койчулардан гиеналарды өлтүрбөгүлө деп сурандык. Ал 3-4 койду жеп кеткени менен, башка жүздөгөн малды оорудан сактап калат», – деди Халил Каримов.

Тажикстандын Кызыл китебинде 70-жылдары өлкөдө 20дай гана таргыл гиена болгону жазылган.

Пикир

Оставить комментарий