• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз геология кызматынын директору алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тесмеге ылайык, Машиев Медер Асанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон башка тескеме ылайык, Осмонбетов Эмил Кубатович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий