• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, кечинде КР менен Кытай чектешкен жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 17:23 чамасында катталган. Очогу Кытай жана Кыргызстан чек арасында болуп, Иркештам айылынан 3 чакырым, Нура айылынан 7 чакырым жана Икизяк айылынан 12 чакырым аралыкта орун алган.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүң күчү 3,5-4 баллга жеткен.

Курмандыктар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий