• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз милициясына 100 жыл! ИИМ Академиясынын 100 курсанты "Манас" айтты

Коом 0


Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин Академиясынын 100 курсанты "Манас" айтты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" этно комплексинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — жарандардын руханий адеп-ахлагын, маданий мурастарга сүйүүнү бекемдөө, патриоттуулукту курчутуу, адеп-ахлакка үндөгөн таасирдүү мыкты чыгарма жаратуу болуп саналат.

Саамалык Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясы басма сөз кызматы менен биргеликте "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" КР президентинин жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий