• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан БАдагы климаттын өзгөрүүсүнө карата эң алсыз өлкөлөрдүн бири болуп саналат – Д.Зилалиев

Экономика 0

Бишкек, 22-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Глобалдык жылуулукка байланыштуу тоолуу өлкөлөр эң кооптуу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана тоо-кен иштетүү комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Белгилей кетсек, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Бүткүл дүйнөлүк суу күнүндө жарыяланган жаңы баяндамасына ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнө карата эң алсыз өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

“Климаттын өзгөрүүсү суу ресурстарын бөлүштүрүүгө түз таасирин тийгизет. Кыргызстанда 20 жылда орточо температура 4.8°C дан 6°C га чейин жогорулады. Эң пессимисттик болжолдор боюнча бул жүз жылдыкта Кыргызстандагы орточо температура бүгүнкү орточо температурага салыштырмалуу 8°C га жогорулайт. Географиялык жайгашкан абалына карата Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнө карата эң алсыз өлкөлөрдүн бири болуп саналат”, -деп белгилейт ЮНИСЕФтин климаттын өзгөрүүсү боюнча адиси Николас Мулиню(Nicholas Molyneux).

Д.Зилалиевдин айтымында, чындыгында, бир нече абройлуу эл аралык уюмдар өздөрүнүн изилдөөлөрү боюнча баяндамаларын жарыялашкан. Аларда глобалдык жылуулук биринчи кезекте тоолуу өлкөлөргө таасир берери айтылат.

“Буга бардык тоолуу өлкөлөр чоң коркунучка дуушар болушат. Биздин аймакта, тилекке каршы, биз жана Тажикстан кирет. Айтмакчы, 2015-жылы климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж конвенциясына кол коюлган”, - деди ал.

Д.Зилалиев Кыргызстандагы муздар ээрип жатканы табигый кубулуш экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий