• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кандайдыр бир кылмыш иши болсо да, бардык укуктар  сакталышы керек - Султанбекова

Өкмөт 0

Бишкек, 23-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан өлкөдө кыйнооолордун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү милдетин өзүнө алды. Бул тууралуу бүгүн Эл аралык кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнө арналган тегерек үстөлдө КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, бул иш чара мамлекеттик бийлик институттарына жана жарандык коомго Кыргызстандагы адам укуктары маселесин талкуулоого шарт түзөт. Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин, адамгерчиликсиз, аброюна шек келтирген, кемсинткен мамилелер Конвенциясынын катышуучусу. Белгиленген документтерге ылайык, Кыргызстан өзүнө таандык бүтүндөй аймагында кыйноолорду алдын алуу натыйжалуу чараларын көрүү милдетин өз мойнуна алды. Териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартат.

Вице-премьер адам укуктарын коргоо жана камсыздоо механизмдерин жакшыртуу максатында КР Өкмөтүнө караштуу адам укуктары боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөнүн билдирди. Султанбекова эл аралык милдеттемелер мамлекеттик багытка ылайык, улуттук жана диний өзгөчөлүктөрдү, мамлекеттин диний, маданий жана тарыхый шарттарын эске алуу менен аткарылаарын айтты.

“Ар бир адам татыктуу жашоого укуктуу, жада калса, кандайдыр бир кылмыш иши болсо да, бардык укуктар сакталышы керек”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий