• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Азербайжандын Жогорку сотторунун төрагалары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Рамиз Рзаев менен жолугушту.

КР Жогорку сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн сот тутумунун ортосундагы кызматташтыктар, жасалып жаткан реформалар талкууланды.

Мындан тышкары, Рамиз Рзаев Замирбек Базарбековго Азербайжан Жогорку сотунун имараты, судьялар жыйын өткөрө турган залдарын көрсөтүп, аталган өлкөнүн Жогорку сотунун иши туурасында кеңири маалымат берди.

Тараптар мындан ары дагы эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы өз ара байланыштарды бекемдөө боюнча макулдашты.

Белгилей кетсек, Замирбек Базарбеков Азербайжандын Жогорку сотунун 100 жылдыгына карата эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.

Пикир

Оставить комментарий