• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2018-жылы инвестициянын көлөмү дээрлик 150 млрд сомду түзгөн

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Инвестициянын көлөмү 2018-жылы дээрлик 150 млрд. сомго жакын болуп, 2017-жылга караганда 3,3%га өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ошол эле учурда көрсөткүчтүн өсүшү ички булактардын эсебинен 24%га болсо, тескерисинче тышкы булактар боюнча дээрлик 28%га төмөндөгөн.

Инвестициянын негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 76%ы) пайдалуу кен-байлыктарды казган объекттердин курулушуна, кайра иштетүүчү өндүрүшкө, газ, электр энергиясы менен камсыздоого жана турак-жайдын курулушуна жумшалган.

Өткөн жылы жалпы аянты дээрлик 1 млн. чарчы метрди түзгөн 9 миңге жакын батир колдонууга берилип, ал 2017-жылга салыштырмалуу 33,5%га аз болгон.

Ошондой эле 2018-жылы Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында 1 миң 379 орунду түзгөн мектепке чейинки жана мектеп мекемелери пайдаланууга берилген. Мындан тышкары Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаарынан сырткары баардык аймактарда 4 миң 100 окуучулук орунга жеткен жалпы билим берүү мектептери колдонууга берилген.

Ош облусун жана шаарын, Ысык-Көл облусун кошпогондо баардык аймактарда амбулатордук-поликлиникалык мекемелер пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий