• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 33 кг баңгизаты менен тажик жарандары кармалды. Анын бири милиция кызматкери

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда 33 кг баңгизаты менен тажик жарандары кармалды. Бул тууралуу КР ИИМнин басма өз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тажикстандан Кыргызстанга, андан ары Казакстанга афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгү бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган.

КР ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын криминалдык бирикмесинин катышуучуларына чыгып, алардын лидеринин өздүгүн аныкташкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңги тобунун бардык мүчөлөрү: баңги топтун уюштуруучусу 1960-жылы туулган О.А. аттуу Тажикстандын жараны; баңги тобунун мүчөсү 1982-жылы туулган И.М. аттуу Тажикстандын жараны, Тажикстан Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган афган тектүү баңгизаттар: 11 кг 299 гр апийим, 21 кг 942 грамм гашиш. Баңгизаттардын жалпы салмагы 33 кг 241 граммды түзөт.

Учурда баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий