• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 4-майга карата илдетти орто курактагы 284 жаран жуктурду - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда 4-майга карата илдетти орто курактагы 284 жаран жуктурду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавируска 443 аял жана 387 эркек кабылган.

"Илдетти 15 жашка чейин 113 бала жуктурган. Алардын ичинен 1 жашка чейинки 6 ымыркай бар. Ошондой эле 16 жаштан 19 жашка чейин 24 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 242 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 284 жаран жана 55 жаштан жогору 167 жаран коронавируска чалдыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий