• 86.8
  • 91.46
  • 0.87

Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 2 миң 357 мектептин ичинен 509у (21,5 пайызы) карантинге жабылып, онлайн режиминде билим берүүгө өттү. Ал эми 1 миң 510 бала бакчанын ичинен 168и (9,8 пайызы) карантинге кетти”, - дейт ал.

Жер-жерлер боюнча алганда:

  • Баткенде 1 бала бакча карантинге жабылды;
  • Ош облусунда 1 мектеп;
  • Чүй облусунда мектептер толугу менен, 49 бала бакча;
  • Ысык-Көл облусунда 3 мектеп, 19 бала бакча;
  • Талас облусунда мектеп, бала бакчалар толугу менен жабылды;
  • Нарын облусунда 4 бала бакча;
  • Жалал-Абад облусунда 10 мектеп, 19 бала бакча;
  • Ош шаарында 10 мектеп;
  • Бишкек шаарында 40 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий