• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 10 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 25-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 14 адам илдеттен сакайып чыкты, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 58 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 983 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий