• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 12,6 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 613 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 563 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 50 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 822 миң 748 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 617 миң 356 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий