• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда баңги зат сатууга генералдар да аралашкан – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда баңги зат сатууга генералдар да аралашкан. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, баңги зат бизнесине көп адамдар аралашкан, качып жүргөндөр да бар. “Биз жакында көп адамдардын бетин ачабыз”,- деди ал.

Ошондой эле, К.Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук барын башкарат деп кошумчалады.

“Алар мамлекеттик кызматка кимди коюшту, ким депутат болорун, кандай бизнес өнүгө турганын чечишет. Мындан ары өлкөдө “мыйзамдагы ууру”, “каралар” болбойт. Андайлар башка өлкөгө барып жашасын. Биз коркпошубуз керек, аларды жок кылууга милдеттүүбүз”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий