• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бааларды негизсиз көтөрүү учурлары боюнча 150 эскертме берилди – Монополияга каршы агенттик

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бир жарым ай аралыгында Кыргызстанда азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрүү учурлары боюнча 150 эскертме берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, жалпы 10 учур боюнча айыппул салынган жана 30 иш Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал Монополияга каршы агенттик бекитип берген баадан ашырып саткан учурлар аныкталса физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айыппул салынарын эскертти.

Учурда өлкөдө Монополияга каршы агенттик тарабынан 1 жана 2-сорттогу ун, өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктарына, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү – уй, кой чочко эти, картошканын, жалпы азык-түлүктүн 11 түрүнүн максималдуу баалары белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий