• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир аптада СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада, 15-августтан 22-августка чейин СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен амбулатордук дарыланууда — 297, ооруканага жактырылгандар – 42.

Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 789 учуру катталган, анын ичинде 18789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 (9,7%) учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.

Белгилей кетсек, тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл зонада турат.

Пикир

Оставить комментарий