• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 1352 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 352 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 42, Чүй облусунда – 189 , Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 29, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 81 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 665 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 293, Ош шаарында – 80, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 70, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 9 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 864 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 318 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 514 бейтаптын абалы орто оордукта, 1 миң 97 адамдын абалы оор жана 174 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 543 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 943 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 129 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий