• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 28 адамда коронавирус табылды. Көбү Бишкек шаарында

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 28 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 899 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (15), Нарын облусунда (1), Ош шаарында (4), Ош облусунда (6), Чүй облусунда (1) жана Ысык-Көл облусунда (1) катталды", - деп маалымдады ал.

Үсөнбаевдин маалыматына таянсак, катталган 28 учурдун ичинен бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек.

Пикир

Оставить комментарий