• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 78 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1216

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 18-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 216 адамга жетти.

"Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 14, Ош шаарында - 5, Ош облусунда - 6 жана Жалал-Абад облусунда - 1 учур бар. Андан тышкары, Санк-Петербург шаарынан келген мекендештер учурда обсервацияда турушкан, алардын арасынан да коронавирус жуккан 3 учур катталды, ошондой эле Соль-Илецк шаарынан келгендер арасынан да оору аныкталды - 43 жаңы учур (мурда 58 учур катталган болчу)", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий