• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 100 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 132 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 94 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 180 киши айыгып чыкса, 2 миң 566 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий