• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда эң төмөнкү пенсия 1800 сом - Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 17.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандагы эң төмөнкү пенсия 1800 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште жыйындын жүрүшүндө Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтуусунда, эң аз пенсияны стажы толук эместер жана дыйкандар алышат.

“Жумушу боюнча стажы жоктор жөлөкпул алышат. Пенсия аларга каралган эмес. Эгерде чет элдик жарандар Кыргызстанга көчүп келсе, анда аларга мыйзамга ылайык пенсия төлөп берилет, эгерде алар камсыздандырууну төлөгөн болсо”,-деп билдирди ал.

Абжапаров билдиргендей, 2018-жылдын 1-январына карата 630 миң пенсионер катталган.

“Жылына пенсионерлердин саны 40 миң адамга өссө, 20 миңи каза болот. Ошентип, жылына пенсионерлердин реалдуу көрсөткүчү 10 миңден 20 миңге чейин өсөт”,-деп кошумчалады ал.

Сунушталган мыйзамга ылайык, пенсияга чыккан адам бир гана арыз жазат, калган документтерди Соцфонд өзү чогултат.

Пикир

Оставить комментарий