• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда электр жарыгы жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку бойдон калат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Өкмөткө сунушталган жаңы тарифтер колдоо тапкан жок. Андыктан, азырынча жылуулук жана электр энергия үчүн баалар жаңы орто мөөнөттүк тарифтик саясат кабыл алынганга чейин өзгөрбөй турат.

2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий