• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда иштөөгө кызыкдар болгон компаниялар үчүн Парижде бизнес-семинар өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. 2019-жылдын январь-февраль айларында Парижде Кыргызстанда иштөөгө кызыкдар болгон француз компанияларынын өкүлдөрү үчүн бизнес-семинар өткөрүлөт. Мындай макулдашуу КРнын Франциядагы элчиси Асеин Исаев «MEDEF International» ишканалар кыймылынын «Франция-Кыргызстан» бизнес кеңешинин төрагасы Кристоф Фонтейн менен жолугушуусу учурунда жетишилди.

Ошондой эле эки тарап 2019-жылдын ичинде ири кыргыз-француз бизнес-форумун биргелешип уюштурууну пландаштырууда.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы кыш мезгилиндеги туристтик тармактарын өнүктүрүүгө француз компанияларынын жана туристтик ассоциацияларынын катышуу мүмкүндүгү дагы талкууланды.

Фонтейн бул маселеге кызыгуусун билдирди жана француз Альпы тоолорундагы ири тоо лыжалык курортторду башкарган, европанын эс алуу тармагында 25 жылдан ашык убакыттан бери алдыңкы оюнчу болуп эсептелген «Companie des Alpes» француз компаниясын мисал келтирди. Фонтейн бул маселени толук изилдеп чыгаарын жана кышкы туризм тармагындагы француз компанияларын 2019-жылы «MEDEF International» компаниясында өтө турган бизнес-семинарга чакыра тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий