• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө бүгүн таңкы саат саат 05:57де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Жар-Башы, Күлчү, Чак, Жаш-Тилек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий