• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8,5 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8-июнга карата 8 миң 509 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 127 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2032ни түзөт. Алардын ичинен 1445 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 23 (+1 учур бүгүн катталды) адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий